19:46
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Санжар Мукамбетов Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болду

Мурдагы экономика министри Санжар Мукамбетов Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент кол койду.

Буга чейин Санжар Мукамбетов тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы — президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген.

Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда экономика министри болгон. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматын жетектеп, вице-премьер болуп иштеген.

1972-жылы 12-декабрда төрөлгөн. Кыргыз техникалык университетин (1994) жана Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин (2003) аяктаган.

Эң көп окулган жаңылыктар