Адыл Сыдыгалиев Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге Садыр Жпаров кол койду.
Ал 2019-2021-жылдары «Ата Мекен» фракциясынан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын, ошондой эле 2021-жылдын декабрынан баштап жетинчи чакырылышынын депутаты болгон.