11:28
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Байсалов Cадыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышарын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мамлекет башчы Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катыша турганын билдирди. Бул тууралуу ал 29-январда «Азаттык» радиосунун «Эксперттер талдайт» программасында айтты.

«Президентибиз кийинки шайлоого катышат. Ага Конституция жол берет. Ошондуктан муну орто жолдо таштап койбойт. Ага элибиз да уруксат бербейт. Үмүтү жанган эл алдыдагы үч жылда көп жетишкендиктерге күбө болот», — деди ал.

Садыр Жапаровдун бийликтеги экинчи мөөнөткө баруу ниети тууралуу президенттин администрациясы азырынча маалымат бере элек.

«Эксперттер талдайт» программасында Садыр Жапаровдун мамлекетти башкарып турган үч жылда жасаган иштери, кетирген кемчиликтери жана өлкөнүн экономикасы тууралуу талкуу болду.

2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген.

Эң көп окулган жаңылыктар