15:07
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

2023-жылы Улуттук банктын алтын түрүндөгү активдери 127,4 миллиард сомду түздү

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын алтын түрүндөгү активдери 127 миллиард 413,6 миллион сомго бааланды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында кабарланат.

Эки айда бул көрсөткүч 348,9 миллион сомго өстү. 2022-жылы алтын түрүндөгү активдеринин деңгээли 1,5 эсе аз болгон.

Мындан тышкары, Улуттук банктын монетардык эмес алтын жана алтын запастары 127 миллиард 985,5 миллион сомго бааланууда. Эки айда алар 8 миллиард 971,1 миллион сомго кыскарган. 2022-жылга салыштырмалуу көрсөткүч 5,9 миллиард сомго төмөндөгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар