Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Facebook баракчасында экс-премьер-министр Сапар Исаков менен кримчөйрөнүн өкүлү Мурат Рамоновдун сүрөтүн жарыялады.
Сүрөт 2020-жылы 6-октябрда машина белек кылган учурда тартылганы жазылган.
Буга чейин мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде кримтөбөл Камчы Көлбаев 2020-жылдагы октябрь окуясында аны эмес, Сапар Исаковду колдогонун айткан.