04:18
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Садыр Жапаров: кримтөбөл Камчы Көлбаев мени колдогон эмес

«Кримтөбөл Камчы Көлбаев 2020-жылдагы октябрь окуясында мени эмес, Сапар Исаковду (президент Алмазбек Атамбаевдин тушундагы премьер-министр) колдогон», — деп билдирди Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде.

Президенттин айтымында, «криминалдар Садыр Жапаровду колдоп атат» деген жалган маалыматты ошол мезгилдеги анын оппоненттери жана «Азаттык» тараткан.

«Алардын планы мени элге жаман көрсөтүп, шайлоого чейин оюндан чыгарыш болчу. Бирок 10-15 жыл мурдагыга караганда 2020-жылы элдин көзү ачылып калган эле. Андай ушактарга ишенбей калышкан. Кандай маалымат болбосун, өздөрү талдап, тактап, чын-бышыгын билип алышчу. Жыйынтыгында көпчүлүк эл менин талапкерлигимди колдоп, президенттик кызматка шайланып калдым», — деди ал.

Өлкө башчысы Камчы Көлбаевдин Сапар Исаковду колдогону боюнча далилдер бар экенин белгиледи.

«Ага толук далилдер бар. Ошол мезгилде эле Камчы Көлбаев Сапар Исаковду колдоп жатканын билгенбиз. 6-октябрь күнү Камчы Көлбаев Сапар Исаковго «Атамбаев экөөңөр мына ушул унаа менен жүргүлө» деп зооттолгон «Мерседес» унаасын белек кылган. 8-октябрь күнү Камчы Көлбаев жеке өзү кримчөйрөнүн балдарына «Сапар Исаков менен Атамбаевдин группасын колдогула» деген кабар таратып, буйрук берген. Биз андай маалыматтарды ИИМдин атайын бөлүмү аркылуу телефон сүйлөшүүлөрүнөн угуп турганбыз. Алар — криминалдар: «Бардык күчтөр бирикти, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жалгыз калышты, элдин баары Сапар Исаковду колдошот, ал президент болот» деп 8-октябрь күнү өздөрүнчө жыйынтык чыгарып алышкан», — деди Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар