Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия кубогунда өспүрүмдөр арасында биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Барсбек Райымбеков, Даниил Лепихов жана Рустам Исламов командалык оюндарда алтын медалга ээ болушту.
Курама машыктыруучу Даанышман Жумабай уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Турнир Дубай шаарында (БАЭ) 19-21-январь күндөрү өттү.