02:02
USD 87.45
EUR 102.43
RUB 1.09

Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолуна кайрадан кар көчкү түштү

Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Кар көчкү жолдун 88-89 километрине түштү. «Кыргызавтожол» ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери жүрүп жатат. Көчкүнүн көлөмү такталууда.

Эскерте кетсек, бүгүн саат 3.00 чамасында Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолуна кар көчкү түшкөн. Трасса саат 8.20да ачылды.

Эң көп окулган жаңылыктар