2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын эл аралык резервдери 3 миллиард 236,48 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында кабарланат.
Бул акыркы эки жылдагы резервдердин эң жогорку деңгээли. Декабрда эл аралык дүң резеврдер 184,48 миллион долларга өскөн. 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу алар 438,39 миллион долларга көбөйгөн. Резервдердин эң жогорку көрсөткүчү 2021-жылдын сентябрь айында катталган — 3 миллиард 241,14 миллион доллар.
Улуттук банк резервдерди валюта рыногунда кескин өзгөрүүлөр болгон учурда колдонот. 2023-жылы банк 12 интервенция жасап, 610 миллион 840 миң долларды сатыкка чыгарган.