19:35
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкек — Ош жолундагы туннелдер аркылуу өтүү үчүн төлөмдөр өзгөртүлдү

2024-жылдын 1-январынан тарта «Сосновка» жана «Кара-Көл» көзөмөл-өткөрүү пункттарында унаалардын өтүүсү үчүн төлөмдөр өзгөртүлгөн тарифтер менен алынат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Төлөмдөр төмөндөгүдөй өлчөмдө алынат:

  • жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары сегиз оруну бар транспорт каражаттары — жеңил транспорт каражаттары: ата мекендик — 50 сом, чет өлкөлүк — 200 сом;
  • жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары сегиз оруну бар жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 5 тоннадан ашпаган транспорт каражаттары: ата-мекендик — 100 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик — 1 миң сом;
  • массасы 3,5 тоннадан ашпаган жүктөрдү ташууга арналган транспорт каражаттары — дөңгөлөктүү тракторлор: ата мекендик — 100 сом, чет өлкөлүк — 1 миң сом;
  • жүргүнчүлөрдү ташуу учун пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары сегизден көп оруну бар жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 5 тоннадан ашык транспорт каражаттары: ата-мекендик — 150 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик — 1,5 миң сом;
  • жүк ташууга арналган жана массасы 3,5 тоннадан ашкан, бирок 12 тоннадан ашпаган транспорт каражаттары: ата мекендик — 150 сом, чет өлкөлүк — 1,5 миң сом;
  • салмагы 12 тоннадан ашкан жүктөрдү ташууга арналган транспорт каражаттары: ата мекендик — 250 сом, чет өлкөлүк — 3 миң сом;
  • массасы 12 тоннадан ашык жүктөрдү ташууга арналган транспорт каражаттары жана салмагы 3,5 тоннадан 10 тоннага чейинки чиркегичтер: ата мекендик — 300 сом, чет өлкөлүк — 5 миң сом;
  • максималдуу эсептик ылдамдыгы 40 км/сааттан ашпаган, олуттуу өлчөмдөрү менен мүнөздөлгөн жана чоң айыл чарба аянттарын иштетүү үчүн атайын арналган жазысы кең тракторлор (комбайндар): ата-мекендик — 300 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик — 5 миң сом;
  • массасы 12 тоннадан ашкан жүктөрдү ташууга арналган транспорт каражаттары жана массасы 10 тоннадан ашкан чиркегичтер: ата мекендик — 300 сом, чет өлкөлүк — 5 миң сом.
Эң көп окулган жаңылыктар