USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

2024-жылы ЕАӨБ 30дан ашык жаңы долбоорлорду каржылайт

12:21, 14 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

2024-жылга карата 30дан ашык жаңы долбоорлорду каржылоо пландаштырылган. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов билдирди.

Анын айтымында, пландалган жылдык инвестиция 2,3 миллиард долларды түзөт. Банктын учурдагы инвестициялык портфели 6,1 миллиард доллар, ал эми пландаштырылган кирешеси 61 миллион доллар болот деп күтүлүүдө.

«Биз бардык өлкөлөрдө гармониялуу өнүгүүнү пландап жатабыз», — деп баса белгиледи Николай Подгузов.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө ЕАӨБ акционерлеринин курамына алты мамлекет кирет: Армения (4,23 пайыз), Кыргызстан (4,23 пайыз), Беларусь (5,21 пайыз), Россия (44,78 пайыз), Казакстан (37,29 пайыз), Тажикстан (4,26 пайыз).

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика