15:07
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бишкекте автобус жөө жүргүнчүнү коюп кетти. Ал ооруканада каза тапты

Бишкекте автобус жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден аялды коюп кетип, ал каза тапты. Маалыматты 24.kg агенттигине милициянын Кайгуул кызматынан тастыкташты.

Белгиленгендей, жол кырсыгы кечээ күнү болгон. № 38 жүргүнчү ташыган автобус Лермонтов көчөсүнөн Көлбаев көчөсүнө бурулуп жатып, жолдон өтүп бара жаткан аялды коюп кеткен.

Жабырлануучуну тез жардам кызматы ооруканага жеткирип, ал көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар