Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине салык реформасына байланыштуу республика боюнча соодагерлердин митингге чыгышына комментарий берди.
Ал эгер улам-улам ушинтип митинг кылууга үндөй беришсе, уюштуруучулардын маселесин бийлик беш секундда чечерин белгиледи.
«Базарларга өкмөттүн атынан «Кумтөргө» тышкы башкаруу киргизгендей, тышкы башкаруу киргизебиз. Тез арада баарын ревизия кылып чыгабыз. Мурдакыларынан бери баарын казып чыксак эле мүлктөр, суммалар ачыкка чыгып калат. Эскинин баарын төлөөгө туура келип калат. Ага чейин барбай эле коелу деп күч органдарын токтотуп атам. Анткени баары эле өзүбүздүн жарандар. Аларга мүмкүнчүлүк берели дедим. Мыйзамдын негизинде легализация кылып алышсын деп соодагер-бизнесмендерге эле эмес, мурдакы чиновниктерге, азыркы чиновниктерге, дегеле мүлктөрү башка бирөөлөргө катталган элдин баары үчүн мыйзам да кабыл алып бердик. Ушул мыйзамдын негизинде элдин баары өз мүлктөрүн ачыкка чыгарып, легализация кылып, өз аттарына каттап алышса болот. Ошол эле контейнери бар бай адамдардын, базар ээлеринин беш-алтыдан квартиралары, акыркы үлгүдөгү Lexus LX570 унаалары бар. Башка аттарга каттатып коюшкан. Мыйзамдаштырып өз аттарына каттап алышсын. Ал үчүн жакшы шарт түзүп бердик. Буга чейин баарыбыз эле мүлктөрүбүздү башка бирөөнө каттатып келгенбиз да. Бул жашыруун деле эмес», — деди мамлекет башчысы.
Ал эми мындан ары жашырбай, баарын ачык көрсөтүп, ачык салык төлөөнү суранарын белгиледи.
«Азырынча эч ким ачыкка чыгара элек. Мен өзүм баштап берейин деп жатам. Жакында менин канча мүлкүм бар экенин билесиздер», — деп кошумчалады Садыр Жапаров.
Эскерте кетсек, 29-ноябрдан тарта өлкөдө соодагерлердин бир катар митинги болуп өттү. Нааразылык акциясына чыккан бардык ишкерлердин талаптары бирдей — патенттерди калтыруу жана ККМди киргизбөө.
Кечээ президент Садыр Жапаров «Дордой» базарындагы соодагерлер менен жолугушту. Ал Салык кызматы өзгөртүүлөргө даяр эмес экенин билдирди. Президент 2024-жылдын июль айына чейин патент менен иштөөгө уруксат берди.