14:24
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бишкекте «Келечек» конушунда кийим тигүүчү цех күйүп кетти

Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу «Келечек» конушунда кийим тигүүчү цех күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, таңга маал кийим тигүүчү цехтен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Чыккан өрт саат 7:32де чектөөгө алынды.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды.

Учурда кырсыктын себептери такталып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар