09:08
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Депутаттар энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу мыйзамын колдошту

Жогорку Кеңештин депутаттары энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын жактырышты.

Социалдык саясат комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын аймагына энергетикалык ичимдиктерди ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатыкка чыгарууга жана сатууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

Бул демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов көтөрдү. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору жарандардын ден соолугун коргоого жана энергетикалык суусундуктарды ичүүдөн келип чыккан ооруларды азайтууга багытталган.

 Анын айтымында, энергетикалык суусундукта үч стакан кофе жана 14 кашык шекер бар.

Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаеванын айтымында, анын медициналык практикасында энергетикалык суусундуктардан улам жүрөк оорулары менен кайрылган учурлар көп болгон. Ал азыр кант диабети менен ооруган балдар көп экенин белгиледи.

Энергетикалык суусундуктардын зыяны тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева да айтып берди. Анын айтымында, суусундуктун курамында кофеин бар, ал кыргызстандыктардын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратат.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар