17:27
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Депутат Миргүл Темирбаева убакытты бир саат артка жылдырууну сунуштады

Депутат Миргүл Темирбаева убакытты бир саат артка жылдырууну сунуштады. Ал демилгени Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрдү.

Эл өкүлүнүн айтымында, ага мындай сунуш менен элдер көп кайрылышат.

"Убакытты артка жылдыруу менен элдин психикалык саламаттыгын сактап, жаш балдарды таң эрте бала бакча жана мектепке алып барууда бир катар түйшүктөрдөн арылса болот. Ошондой эле электр энергиясын үнөмдөө менен өлкөнүн экономикасына бираз болсо да салым кошулат. Биз Тажикстан менен Өзбекстандан бир саат алдыдабыз", — деди ал жана министрлер кабинетине протоколдук тапшырма берүүнү суранды.

Эң көп окулган жаңылыктар
10-октябрь, бейшемби