USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Депутат мамлекеттик символиканы өзгөртүүгө мораторий киргизүүнү сунуштады

12:38, 29 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Парламенттин депутаты Миргул Темирбаева мамлекеттик символиканы өзгөртүүгө мораторий киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кийинки чакырылыш келип, жаңы депутаттар кайрадан желекти алмаштырышы мүмкүн.

Төрага Нурланбек Шакиев буга макул болгон жок. Ал айрым өнүккөн өлкөлөр бир нече жолу желекти алмаштырышканын билдирди.

«Бул трагедия эмес. Жакпаса, бул алардын укугу», — деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика