Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев көзү ачыктардын кызматтарын жарнамалоого тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун демилгеледи. Документ коомдук талкууга коюлду.
«Мыйзам долбоору жеке пайда кɵрүү максатында тигил же бул милдеттерди чечүүнү сунуш кылган кандайдыр-бир окульттук, магиялык же башка ишенимсиз ыкмалар боюнча кызмат көрсөтүү жагынан жарандардын башын айландырууну жокко чыгаруу максатында иштелип чыкты», — деп жазылган маалымкат-негиздемеде.
Депутаттын пикиринде, турмуштук татаал кырдаалда турган жарандар көп учурда экстрасенс жана сыйкырчы дегендерге кайрылат, алар көйгөйлөрдү өздөрүнүн демейдегиден башкача ыкмаларынын жардамы менен толук жок кылууга кепилдик берет.
«Жогорку технологиялардын жана илимий прогресстин кылымы болгон азыркы учурда өлкөбүздө экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандардын кайырмагына түшкөн жарандарыбыздын саны аз эмес экендигин көрүү аянычтуу», — деп түшүндүрдү эл өкүлү.
Ал «Жарнама жөнүндө» мыйзамында жазгырмалуу жарнама түшүнүгү бар экенин, бирок дал окульттук жана магиялык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө жазылбаганын белгиледи.
Киргизилген толуктоолор алдамчылык аракеттерди маалыматтык мейкиндикте жарнамалоого тыюуну киргизүүгө мүмкүндүк берет.