Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков шайлоо алдындагы мезгилде саясий партиялар жана бир мандаттуу округдардан шайланган талапкерлер пайдалана ала турган үгүтчүлөрдүн санын кыскартууну сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документте «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Замирбек Мамасадыков колдонуудагы мыйзамга ылайык, шайлоо алдындагы учурунда партиялар 10 миңге чейин, ал эми бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер 500гө чейин үгүтчүлөрдү пайдаланууга укуктуу экенин белгиледи.
Анын пикиринде, бул сан ашыкча үгүт иштерин жүргүзүүгө жана талапкерлер үчүн бирдей эмес абалды орнотууга шарт түзүшү мүмкүн. Буга байланыштуу үгүтчүлөрдүн санын эки эсе кыскартып, саясий партиялар үчүн 5 миңден көп эмес, бир мандаттуу округдан чыккан талапкерлер үчүн 100дөн көп эмес кылуу сунушталууда. Үгүтчүлөрдүн санын акылга сыярлык деңгээлге чейин кыскартуу шайлоо процессин тартипке келтирүүгө, аны ачык-айкын кылууга жардам берет. Ошондой эле шайлоо алдындагы финансылык жана уюштуруучулук кыянатчылыктардын тобокелдиктерин азайтат.