04:20
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Беловодск айылында айдоочу жөө жүргүнчүнү коюп кетип, качып кеткен

Чүй облусунда айдоочу жөө жүргүнчүнү коюп кетип, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу аймактын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсыгы Беловодск айылындагы Ленин көчөсүндө 23-ноябрга караган түнү саат 00: 35 чамасында болгон. Subaru Forester унаасынын айдоочусу 46 жаштагы аялды коюп кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерден көз жумган.

Кылмышка шектүү катары 38 жаштагы айдоочу кармалды. Анын унаасы айып короосуна токтотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар