Кара-Балта дарыясына жыйырма тонна бензин төгүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя күйүүчү май ташуучу унаанын катышуусундагы жол кырсыгынан кийин болгон.
Маалыматка ылайык, кечээ Бишкек — Ош жолунун 113-чакырымында күйүүчү май ташуучу унаа жолдун четиндеги тосмону сүзүп, оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 28 жаштагы айдоочу жабыркап, райондук ооруканага жеткирилди.
Цистернадан 20 тонна бензин Кара-Балта суусуна төгүлгөн. Талды-Булак жана Сосновка айылдарына ичүүчү суу убактылуу жабылды.
Учурда суунун курамын текшерүүгө экспертизага алып кетишти.