«Чалдыбар» көзөмөл-өткөрүү пунктунда адамдарды, транспортту жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөө 20-ноябрда саат 9:00дөн 11:00гө чейин тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын жаңылануусуна байланыштуу киргизилет.
«Чалдыбар» өткөрмө пункту кыргыз-казак чек арасында жайгашкан жана эл аралык болуп саналат.