19:24
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Садыр Жапаров 17-ноябрда Японияга расмий сапар менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 17-20-ноябрда Японияга расмий сапар менен барат. Маалыматты президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев тастыктады.

«Сапардын алкагында император Нарухито, Япониянын премьер-министри Фумио Кисида, парламенттин төрагасы Фукусиро Нукага, парламенттин депутаттары, ошондой эле ROTOBO (Япониянын бизнес ассоциациясы), JATA (Япониянын туроператорлор ассоциациясы), JBIC (Япониянын Эксимбанкы) JETRO (Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү ассоциациясы), JICA (Япония эл аралык кызматташтык агенттиги) сыяктуу түзүмдөрдүн жетекчиликтери менен жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлөт», — деди ал.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон өз ара кызматташтыгын эки жакты кызыктырган бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана консулдук-визалык чөйрөлөрдө өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат. Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Белгилей кетсек, ноябрда президент Садыр Жапаров Ташкентте өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун жыйынына катышты. Андан соң Парижге барып, өлкө лидери Эммануэль Макрон менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун, ЮНЕСКОнун жана бир катар компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Франциядан кийин мамлекет башчысы Ислам саммити өткөн Сауд Арабияга барды.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума