14:18
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Ысык-Көл облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду

Илияз Иманбетов Кыргызстандын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген ордунан кетти. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Илияз Иманбетовдун ордуна Эмилбек Абдыкадыров дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар