Рацек чокусуна чыгуу учурунда жаракат алган россиялык турист куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, орусиялык альпинист-туристти ӨКМге караштуу авиациялык издеп-куткаруу кызматынын учкучтары жана «Ак-Сай Трэвел» ЖЧКсынын кызматкерлери куткарды. Ал чокуга чыгуу учурунда бутунан жаракат алган.
Альпинисттер чет өлкөлүк жаранды деңиз деңгээлинен 3,9 миң метрге алып түшүп, андан соң тик учак менен эвакуациялашты.