15:35
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Газпром» менен Кыргызстан газ жана энергетика тармагында кызматташат

XII Петербург эл аралык газ форумунун алкагында «Газпром» компаниясынын башчысы Алексей Миллер менен Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу «Газпромдун» басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар республиканын газ транспорттук жана газ бөлүштүрүү системаларынын күз-кыш мезгилине карата даярдыгын талкуулашты. «Газпром Кыргызстан» өндүрүш объекттеринде бардык зарыл болгон техникалык иш-чараларды аткаргандыгы белгиленди.

Алексей Миллер менен Таалайбек Ибраев Кыргызстандын газ тармагын өнүктүрүүдө кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.

«Документ газ тармагында узак мөөнөттүү өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле электр энергетика тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө багытталган», — деп билдиришти "Газпром" компаниясынан.

Эске салсак, Таалайбек Ибраев XII Петербург эл аралык газ форумуна спикер катары катышты. Анда ал «Газпром» Кыргызстандын түштүгүнөн мунай жана газ өндүрө турганын билдирди. Министр ошондой эле келерки жылы Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү пландары бар экенин айтты.

«Бизде республиканы газ менен камсыздоону жогорулатуу боюнча чоң пландар бар. Бизде Бишкек жылуулук электр борбору бар, ал жылына 2 миллиард киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгат жана газ менен иштей алат. Түштүктө дагы ушундай эле станция бар. Газ коңшу Казакстан менен Өзбекстандан келет. Албетте, Борбор Азиядагы газ агымы калыбына келип, кошуналар газдын кошумча көлөмүн алууну каалашса, бул биз үчүн пайдалуу. Келечекте чоң долбоорлор бар. Биз 2024-жылы Бишкек ЖЭБин көмүрдөн газга өткөрүүнү пландап жатабыз. Бул биз үчүн келечектүү долбоор болот», — деди Таалайбек Ибраев.

«Кыргызнефтегаз» менен жасала турган долбоор республиканын түштүгүн газ менен камсыз кылууга жардам берет. «Газпром» Өзбекстан менен Казакстанга каражат салса, бул биз үчүн да пайдалуу. Учурда Кыргызстандын экономикасы өсүп жатат, энергияны керектөө жыл сайын 10-12 пайызга көбөйүп жатат. Газ электр энергиясына альтернатива болот", — деп жыйынтыктады Таалайбек Ибраев.

Эң көп окулган жаңылыктар