15:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Кыргызстанда жасалган» улуттук брендинин логотибин түзүү боюнча сынак башталды

Экономика жана коммерция министрлиги Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте «Кыргызстанда жасалган» улуттук брендинин логотибин түзүү боюнча сынак жарыялады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Катышуу үчүн «Кыргызстанда жасалган» улуттук брендинин заманбап, оригиналдуу, оңой таанылуучу логотибин ойлоп табуу керек.

Сынакка 18ге чыккан бардык каалоочуларга катышууга уруксат берилет. Ар бир катышуучу бир номинация боюнча бирден гана эмгек бере алат.

Конкурс үч этап менен өткөрүлүп, 1-декабрда жыйынтыкталат. Жеңүүчү диплом жана 50 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланат.

Эң көп окулган жаңылыктар