Бишкекте №48 жүргүнчү ташыган автобус эки адамды кагып кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине милциянын Кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык жол кырсыгы кечээ, Ала-Арча көчөсүнө жакын Жибек-Жолу проспектисинде болгон.
Жөө жүргүнчүлөр жолдун аркы тарабына өтүп бараткан учурда аларды автобус кагып, натыйжасында бир адам (84 жашта) ошол жерде каза болуп, экинчиси (48 жашта) башынан жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Транспорттун күтүүсүздөн токтошунан улам бир жүргүнчү жабыркаган.
Автобус айып короого киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.