12:24
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Чөнтөкчүлөр өспүрүмдү уруп, качып кетишкен. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте тоноочулукка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-августта Р.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал коомдук транспортто белгисиз адамдар анын жашы жете элек уулунун капчыгын уурдоого аракет кылышканын билдирген. Шектүүлөр өспүрүмдү уруп, качып кетишкен.

Ошондой эле, 10-августта А.Ж. аттуу жаран белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган. Ал 8-августта маршруттук таксиде уюлдук телефонун уурдатып жибергенин байкаган. Шектүүлөр аны белгисиз буюм менен урууга аракет кылып, изин жашырып кетишкен.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылымш иши козголгон.

Шектүүлөр кармалып, алар 29 жаштагы К.Ж., 18 жаштагы А.Р. жана О.И., 17 жаштагы М.Д., 22 жаштагы Ж.К., ошондой эле, 25 жаштагы Ч.М. аттуу жарандар экени аныкталды.

Кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына, ал эми 17 жаштагы М.Д. Вознесеновка айылындагы жашы жете электер үчүн № 14 түзөтүү колониясына киргизилди.

Милиция кызматкерлери алардын кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0 (990) 77-07-07 же 102 телефондоруна кайрылууга чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар