Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң кенинин ишке кириши тууралуу комментарий берди. Эске салсак, буга чейин бийлик өкүлдөрү шахтанын 12 жылдан кийин кайрадан ишке киргенин билдиришкен. Экс-губернатор Эмилбек Каптагаев бул маалыматты «жалган» деп айткан.
Өлкө башчысынын айтымында, ал бийликке келгенден кийин агасы өзүнүн шахтасын кайра алгысы келгендигин айткан.
«Мен көнбөй койдум: «Бийликтин күчүнө салып кайра алышты деген сөз калат, кереги жок» деп койдум. Бирок өткөн жылы мага бир бизнесмен кайрылып, шахтаны кайра иштетүүгө уруксат сурады. «Эгер иштетип кетериңе көзүң жетсе, ала бер. Мамлекетке иштеп турганы пайда» дедим. Азыр шахтаны Марат деген бизнесмен иштетет. Ал эки жылдан бери даярдоо иштерин жүргүздү. Россия-Кыргыз фондунан 1 миллион 700 миң доллар кредит алып, ал акчаны Россияга заводго которуп, конвейер сиситемасын алып келди. Ошондой эле, Кытайдан өз акчасына көмүр казган комбайн жана башка керектүү техникаларды алып келди. Эми, Кудай буюрса, мындан ары Жыргалаң шахтасы бери дегенде 20 жыл токтоосуз иштеп кетет», — деди ал.
Ал кен өзүн гана актабастан, материалдык пайда да алып келерин белгиледи.
Президент кээ бир оппоненттеринин шахтаны суу каптап, иштебей тургандыгын айткандарына да жооп берди.
«Суу баскан ооз жагын суу басып эле турат. Азыр башка жагынан — эки жерден туннель менен кирип көмүр алып жатышат. Суу баскан жактагы көмүрдү дагы алышат. Ал жакка жаңы туннель менен кирип бара жатышат. Кыскасы, шахтада канча көмүр болгон болсо, баары казылып алынат. Азыр лицензия бир эле адамдын колунда. Мурдагыдай башаламан эмес. Кудай буюрса, Ысык-Көлдөгү калкыбыздын жарымын мындан ары көмүр менен камсыз кылганга жетишет деп үмүт артып олтурам», — деп айтты ал.
Өлкө башчысы сынчыларды мамлетке зыян келтирбей, ишке ашып жаткан долбоорлорду мактоого чакырды.
«Өзүңөр өлкөнүн өсүшүнө пайда келтирбесеңер дагы, зыяныңарды тийгизбей тургулачы, сураныч. Өлкөбүздө ушундай жакшы иштер жасалып жатканда, тескерисинче, сүйүнүп, колдоп-коштоп ийгилик каалап турсаңар жакшы эмеспи», — деп билдирди Садыр Жапаров.
Журналист Турат Акимдин айтымында, Шахта-карьердин жаңы ээси Рыжий Марат деген бирөө, ал Манас айылы комплексинин бузулушу боюнча манасчы Дөөлөт Сыдыковго айткандары менен таанылган.
«Же Рыжий Марат Акылбек Жапаровду алдап жатат, же министрлер кабинетинин башчысы элди алдып жатат, билбейм, бирок шахта жана карьер — экөө эки башка объект», — деп айткан ал.
Эске салсак, буга чейин министрлер кабинетинин маалымат кызматы Жаргалаң кени 12 жылдан кийин кайрадан ишке киргенин билдирген. Мекеме кенден суткасына 100-120 тонна көмүр чыгарыларын айткан. Ал эми Каракол шаарын, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун камсыздоо үчүн 12 миң тонна көмүр керектелет. Бул аймактардын кара отунга болгон муктаждыгын Жыргалаң көмүр кени толук камсыздай аларын кошумчалаган.
Ал эми «Дөргө көмүр» карьеринин мурдагы ээсинин баласы 24.kgге бийлик мини шахтаны ишке киргизип, 12 жыл иштебей турган Жыргалаң кени ишке кирди деп жаткышкандыгын билдирген.
Жыргалаң көмүр кени бир убактарда Садыр Жапаровдуку болчу. Аны менчиктештирүүдө мыйзам бузуулар табылып, кылмыш иши козголгон. Коопсуздук эрежерлери сакталбагандыктан кен иштебей калган. Аны кайраишке киргизүүгө аракет кылышып, бирок болгон эмес.