Садыр Жапаров иниси Улан Жапаровдун коррупцияга айыпталып кармалышы боюнча пикирин билдирди.
Ал коррупция менен күрөш баарына бирдей жүрөөрүн белгилейт.
«Азыр заман башка. Баарына бирдей мамиле. Коррупцияга аралаштыңбы мейли ким болбо камаласың. Мамлекетке канча чыгым келтирсең эки эселеп төлөйсүң, анан чыгасың. Төлөбөсөң жата бересиң. «Менин иним эле» деп камабай койсом башка инилерим да аралаша баштайт да. Кыргызда жакшы сөз бар: «Бирге жаза, миңге сабак», — деген», — деди Садыр Жапаров.