01:15
USD 87.86
EUR 93.94
RUB 1.00

Москва менен мамиле. Жан багуу аракети, же саясый стратегия

Москва 9-майга карата өткөргөн парадда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн президенттерин топтоп, Орусияга болгон колдоону көрсөткүсү келгендей болду. Украинага карата согушту баштагандан кийин Владимир Путин менен Жеңиш күнүн белгилөөгө жада калса Армениянын премьер-министри Николай Пашинян дагы келди. Ага чейин Армения БУУнун Коопсуздук кеңешинде Орусияны агрессор катары тааныган чечимди колдоого алган.

Бирок айрым талдоочулар, Орусия менен тыгыз алакага карабай, Борбордук Азия президенттеринин парадка катышуусун колдоо караты баалашпайт. Алардын пикиринде, аймактын жетекчилери азыр эки тарап менен тең тил табышуу аракетин көрүүдө.

Таасир берүү аракети

Акыркы жылдары Борбордук Азия өлкөлөрүнүн президенттери 9-майды өз мамлекеттинде өткөрүүгө аракет жасап келишкен. Бул майрам жаштардын мекенчилик сезимин ойготууга дагы жакшы көмөк. Мына ушундан улам болсо керек Борбордук Азияда «Өлпөс полк» акциясы активдүү колдоого ээ болуп келет.

Кыргызстанда жарандар менен бирге президенттерден — Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жөө жүрүшкө катышкан.

Быйыл Орусияда «Өлпөс полк» акциясы өткөн жок. Айрым КМШ мамлекеттеринде болду.

Саясат тануучу Наргиза Мураталиеванын айтымында, Украинага карата согуш ачкандан кийин Орусия 9-майды мурдакы совет өлкөлөрүн бириктирүүчү акция, же таасир берүү аракетинде колдонууда.

«Албетте 1945-жылдын 9-майы тарыхта калат. Бирок 2022-жылдын февраль айынан кийин бул майрамдын мааниси өзгөрөт. Бул майрамбы, же аза күтүү күнүбү? Аны эгемен өлкөлөрдүн майрамдоосу туурабы?», — дейт Наргиза Мураталиева.

Эки оттун ортосунда

Карнеги институтунун Берлиндеги борборунун илимий кызматкери Темур Умаров дагы Украинага кол салуудан кийин 9-майдын маанайы өзгөргөнүн белгилейт.

Анын пикиринде, Кремль өзүн актоо үчүн майрамды шаңдуу белгилеп жатат. Ага катышуу үчүн Москвага келген президенттер болсо Орусияны колдоого даярдыгын гана билдиришти.

Темур Умаров Борбордук Азия өлкөлөрү эки оттун ортосунда калганын белгилейт.

«Борбордук Азия өлкөлөрү Орусия менен бирге агрессор мамлекеттердин тизмесине кирип калуудан коркушат. Ошол эле учурда Москвага иши жана сөзү менен колдоо көрсөтүүдөн кооптонушат. Борбордук Азияга Батыш менен мамиле Москва жана Пекин менен тыгыз алакадай эле керек», — дейт ал.

Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн Орусия менен Батыш менен дагы бир эле учурда өнөктөш мамилени түзүү кыйын болуп жатат. Бир жылдан бери мамлекет башчылары кырдаалга тегиз кароо аракетинде.

Темур Умаров.

Бирок мындай кырдаал тең кароо — татаал. Москва Батыштын Борбордук Азиядагы аракеттерине кыжырдануу менен карайт. Батыш болсо бул өлкөлөр аркылуу Орусияга санкция салынган товарларга жол ачыларынан кооптонот.

«Эки тоонун чөбүн эңсеген ...» саясат

Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Дэвид Рид, президент Садыр Жапаровдун парадка катышкандан кийин Кыргызстандан Орусияга санкция киргизүүнү эч ким талап кылбастыгын айткан. Ал Батыш болгону реэкспорттон кооптонорун белгилейт.

«Кыргыз өкмөтү товарлардын транзитин кантип көзөмөлдөөдө? Мына ушул Батыш үчүн маанилүү. Борбордук Азия жана Кыргызстан Орусия үчүн аскердик товарларды реэкспортоочу хабка айланбашы керек», — дейт ал.

Дэвид Риддин айтымында, Орусияга жардам берүү өлкөнүн аброюуна жана инвестициялык жагымдуулугуна терс таасирин бериши мүмкүн.

Москва дагы Борбордук Азияны мүмкүнчүлүктүн болушунча колдонуу аракетинде. Түз жана кыйыр үрдө коркутуулар менен Казахстанга мунай затты Европага экспорттоого уруксат берген жок. Кыргызстандын айрым аракеттерине экспорттук товарларына тыюу салуу менен жооп берди.

Темур Умаровдун айтымында, Батыштын так саясаты болгондуктан, президенттер Москвага барышты.

«Путин тарыхка өзгөчө көңүл бөлөт. Ал Орусия империясынын жана СССРдин аймагын сактоону өзүнүн тарыхый миссиясы катары эсептейт», — дейт Темур Умаров.

«Парадка барганы үчүн эле Батыш санкция салмак эмес. А бирок Москванын каары катуу болмок», — дейт талдоочу.

Талдоочу Нурсултан Акылбектин пикиринде, учурда Борбордук Азия өлкөлөрү оор ахыбалда. Алар саясый жана экономикалык жактан Орусия менен байланышкан. Ошол эле учурда Батыш менен көп тараптуу тышкы саясатты жүргүзүү аракеттенип келишет. Мына ушундан улам эки оттун ортосунда турушат.

Бизнес гана кызыкчылыктар

Наргиза Мураталиева дагы Москва менен энергетикалык жана экономиканын башкы аспекттери менен тыгыз байланыша болгон өлкө президенттери Москвага баруудан баш тарта албастыгын белгилейт.

"Орусия учурда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактык коопсуздугун камсыздаган башкы гарант. Бул өлкөдөгү кыргыз, өзбек жана тажик мигранттарын эске албай койгон күндө дагы, Москва — бул мамлекеттердин көп тармактан алганда негизи багыты",- дейт ал.

Талдоочулар Борбордук Азияга учурда эл аралык коомчулуктун көңүлү бурулуп жатканын айтышат. Батыш Орусияга жардам бербөөгө көндүрүп жатса, Москва аларды алыстатпоо аракетин көрүүдө.

Аймактын саясый элитасы өз бийлигин кармоо аракетинде. Андыктан Украинага кол салууну өз кызыкчылыгынын тегерегинде гана баа беришет.

Талдоочулар Бишкек, Астана, Душанбе жана Ашхабад Кремлге ыктап, бирок Батыш менен дагы мамилесин улантарынан шеги жок.

Бул Борбордук Азия бийлиги үчүн жөн гана жан багуу гана аракети.

Эң көп окулган жаңылыктар