20:29
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

«Чач» каймана аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде «Чач» каймана аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү, М.Э.М. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда,  «Чач» Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары каттоодо турат.  Бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 2013-жылы Москва шаардындагы кыргыз диаспорасы үчүн «смотрящий» деп аталган.

Уюшкан кылмыштуу топтун аталган мүчөсү физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен Жалал-Абад шаарындагы соода базарлардын ээлерине салык салууга аракет кылгандыгы аныкталган. Учурда бул фактылар боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кармоо учурунда жеке тинтүүдө М.Э.М.ден 10 граммга жакын өзгөчө жыты бар «гашиш» заты табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. Ошол эле учурда кармалган жаран баңги затын колдонуу боюнча экспресс-тест текшерүүдөн өтүп, оң натыйжа берген. Кармалган адам КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Эң көп окулган жаңылыктар