Таш-Көмүр шаарында 7 жашар бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, бала 15-июнь күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Издөө иштерин 7 куткаруучу жана төрт жергиликтүү тургун жүргүзүп жатат. Бала Нарын дарыясына түшүп кеткени айтылат.