22:13
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

ТүркПАнын башкы кеңсесине кыргыз боз үйү тигилди

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Баку шаарындагы башкы кеңсесине барды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын парламентинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, төрага Жогорку Кеңеш тарабынан белек кылынып, башкы кеңсенин аймагына тигилген кыргыз боз үйүнүн ачылышына катышты.

Боордош мамлекеттердин парламенттеринин башын кошкон Ассамблеянын кеңсесине кыргыз боз үйүнүн тигилиши жакшы саамалык экенин белгилеген Нурланбек Шакиев: «Ак өргөбүз бабалардан калган баалуу мурасыбыз. Андыктан бул жерден кыргыздын кылым карыткан тарыхы менен тааныштырылып, келгендерге бай маданиятыбыз тууралуу маалыматтар берилет деген ишеничтемин», — деди ал.

Муну менен катар тигилген боз үй боордоштуктун жана ынтымактын ордосу болсун деген тилегин билдирди. Андан соң төраганын катышуусунда дарактардын көчөттөрүн олтургузуу аземи өттү.

Ошондой эле Нурланбек Шакиев Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр менен баарлашып, ассамблеянын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат алды.

Белгилей кетсек, ТүркПА 2008-жылдын 21-ноябрында Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркиянын парламенттеринин төрагалары кол койгон келишимдин негизинде, Түркиянын Стамбул шаарындагы Долмабахче сарайында түзүлгөн. Ал эми 2009-жылдын 29-сентябрында Ассамблеянын регламенти, катчылыгынын жобосу кабыл алынып, башкы кеңсеси Баку шаарына жайгаштырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар