20:08
USD 87.45
EUR 91.60
RUB 0.96

Казак өкмөтү чек арага жакын аймактарда турак жай курууга субсидия берет

Казакстандын өкмөтү чек арага жакын аймактардагы турак жай баасын арзандатуу боюнча планын жарыялады.

Өкмөттүн 4-апрелдеги жыйынында чек арага жакын айылдарда жергиликтүү жумушчуларга ижарага бериле турган 2 855 үй куруу пландалып, бул үчүн 14,3 миллиард теңге (31,7 миллион доллар) бөлүү каралып жатканы айтылды.

«Турак жай маселесин чечүү үчүн айылдарда өз жумушчуларына ижара-үйлөрдү курган иш берүүчүгө субсидия төлөө механизми киргизилет», — деди индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министри Марат Карабаев.

Анын айтымында, мындан тышкары айылдарда жеке турак жай курулушуна дем берүү үчүн жыл сайын 22 миң жер тилкеси инженердик коммуникациялар менен камсыз кылынат.

29-мартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө чек арага жакын аймактарга көчүп барууну каалаган казакстандыктар үчүн турак жайды арзандатуунун жаңы жолдорун иштеп чыгууну тапшырган. Анда негизги максат — калктын көчүн азайтуу, адамдардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана чек арага жакын аймактардын экономикалык өнүгүүсүнө жаңы дем берүү экени айтылган.

Казакстанда башка өлкөлөр менен чектешкен 65 район бар. Анын көбүнүн социалдык-экономикалык абалы төмөнкү деңгээлде. Буга экономикалык факторлор менен катар эле натыйжасыз административдик-аймактык бөлүү себеп экени айтылып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар