Кыргызстан Катарга эт жана бал азыктарын экспорттойт. Бул тууралуу Инвестиция тартуу боюнча улуттук агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, Доха шаарында өткөн төрт күндүк AgriteQ-2023 көргөзмөдө келишимге кол коюлду.
Инвестиция боюнча улуттук агенттигинен кабарлашкандай, Катардын, ритейлдин жана дистрибьютердик тармактардын өкүлдөрү менен болгон В2В түрүндө жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча 35 тонна эт, бал, тамак-аш жана кайра иштетилген Кыргызстандын продукциясын ташып келүү пландалууда.