01:39
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

Баткенде дагы 86 үйдүн курулушу аяктай элек

Баткенде дагы 86 үйдүн курулушу марттын айыгына чейин бүтөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, жалпы жабыркаган 418 үйдүн 332си гана берилген. Калганы жакында бүтөт.

Андан тышкары, баардык өрттөлгөн жана капиталдык ремонтко муктаж турак жай ээлерине атайын счеттун эсебинен биринчи этап менен 200 миң сомдон компенсациялар берилди.

Ал эми экинчи этап боюнча турак жайы толугу менен бүткөрүлгөн учурда 100 миң сомдон компенсация төлөнүп берилди.
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар