01:39
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

Орусиялык миллионерлер жергиликтүү банктардан акчасын чыгарып кетишүүдө

Миллион доллардан ашык каражаты бар орусиялыктар акчасын орус банктарынан чыгарып кетүүгө аракет жасоодо. Frank RG аналитикалык компаниясынын иликтөөсү көрсөткөндөй, 2022-жылы алардын ички депозиттери 20 пайызга кыскарган.

Ошол эле маалда чет элдик кыймылсыз мүлккө инвестиция салгандар көбөйдү. Бул биринчи кезекте Орусияга санкция салбаган өлкөлөргө тиешелүү. Маселен, Бириккен Араб Эмираттарында бай орусиялык кардарлар 800 миллиард рублга активдерди сатып алышкан.

Frank RG белгилегендей, Бириккен Араб Эмираттарында, Түркияда жана Кипр сыяктуу өлкөлөрдө люкс класстагы кыймылсыз мүлктөр капчыктуу орусиялыктар үчүн популярдуу болуп жатат. 2022-жылы орусиялыктар ал жактардан жалпы суммасы бир триллиондон ашык рублга кыймылсыз мүлк сатып алышкан. Көптөгөн аманатчылар акчасын чет элдик банктарга которушууда же алтынга алмаштырышууда.

Frank RG жүргүзгөн сурамжылоого караганда, инвестиция жана капиталды тейлөө боюнча Бириккен Араб Эмираттары эң жагымдуу өлкө болуп эсептелет. Респонденттердин 15,7 % бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланууда, дагы 16,1% алардын жолун жолдоону пландап жатат. Алар Казакстан, Армения, Түркия жана Кытай банктарынын кызматын да колдонуу мүмкүн экенин белгилешкен. Евробиримдик өлкөлөрүндөгү жана Швейцариядагы банктар тескерисинче, орус аманатчыларын анча кызыктырбай калды.

Орусиянын Борбордук банкынын маалыматы боюнча 2022-жылы чет элдеги банктарга акча которуу дээрлик үч эсеге — 2,3 триллион рублдан 6,63 триллион рублга көбөйгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар