03:07
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

Бишкектеги үйлөр 8-9 баллдык жер титирөөгө туруштук берет

Бишкектеги үйлөр 8-9 баллдык жер титирөөгө туруштук берет. Бул тууралуу шаар башчысы Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында билдирди.

Мэр үйлөрдүн сапатын жогору баалады.

«Ар кандай курулуш компаниялары бар. Ири ишканалар эртеңки күнүн ойлошот. Документтер жүз жылдап сакталышы керек. Бирок чакан компаниялар дагы бар. Курулуш тармагына тиешеси жок адамдар дагы бул жакка аралашканы тууралуу маалыматтар. Айрымдар жоопкерчиликти түшүнөт, кээ бирлери түшүнбөйт», — дейт мэр.

Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, темир, бетон, цемент атайын экспертизадан өтөт. Мэр бетон менен темирден үнөмдөгөн ишканаларды текшерүүнү убадалады.

Эң көп окулган жаңылыктар