05:07
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

Бишкек жылуулук станциясы мэриянын карамагына өткөрүлөт

Бишкек жылуулук электр борбору мэриянын карамагына өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбековдун айтымында, «Электр станциялар» акционердик коомунун Финансы министрлигине карызынын эсебинен ЖЭБ муниципалитетке өтөт.

«Азыр ЖЭБтин наркы аныкталып жатат. Так баасы жок», — дейт ал.

Сабырбек Султанбеков ЖЭБ Бишкекке өткөндөн кийин анын башкаруу органдары гана алмашарын, жамаат ошол бойдон сакталып каларын белгиледи. 

Эң көп окулган жаңылыктар