«Тазалык» ишканасына 100дөй кызматкер жетишпейт. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Рамиз Алиев билдирди.
Жетекчи айлык акы көтөрүү аракети көрүлүп жатканын белгиледи. Январь айынан тарта 1,1 миң көчө шыпыргычтын айлыгы көбөйдү.
«Биз кызматкерлердин ишин азайттык. Алар эми 1 эле белгилүү аймакты тазалап, айына 22-35 миң сом алат», — дейт Рамиз Алиев.