Кыргызстанда рак менен ооругандардын саны 30 миңге жетет. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Зульфия Рыскулова билдирди.
Анын айтымында, аялдардын арасында көкүрөк, матканын шишиги биринчи орунда турат.
2021-жылы 5 миң 746 адамдан рак аныкталса, анын 695и — көкүрөк шишиги.
Эркектердин көбүнчө ашказан жана өпкөсүнөн шишик табылат.