14:49
USD 89.41
EUR 96.91
RUB 0.97

Чоң-Алай районунда Памир кыргыздары үчүн 400 үй курулат

Садыр Жапаровдун демилгеси менен жакында Ош облусунун Чоң-Алай районунда Памир кыргыздары үчүн 400 үй курулат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуш иштерин быйыл май айында баштоо пландалууда. Бардык үйлөр жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл болгон башка нерселер менен камсыздалат.

Өлкө жетекчилиги Ооганстандын Кичи жана Улуу Памир аймактарынан бардык этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат — бул максаттар үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражаттар бар.

Эң көп окулган жаңылыктар