Алманбет Шыкмаматов «Бишкек» эркин экономикалык зонасына жетекчи болуп дайындалды.
Мекеменин мурдакы директору Кудрет Тайчабаров өз арызы менен кызматтан кеткен.
Алманбет Шыкмаматов буга чейин Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты жана Инвестия тартуу министрлигин жетектеген.

