Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор боюнча кеңешме өткөрдү.
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан иштелип жаткан долбоорлор сунушталды.
Атап айтканда, Баткен облусунун Раззаков шаарындагы 4 жылдыздуу мейманкана комплексинин, Баткен облусундагы санаториялык-курорттук комплекстин жана балдардын ден соолугун чыңдоочу лагердин долбоорлору көрсөтүлдү.
«Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коомунун өкүлдөрү 960 млн АКШ доллары суммасындагы 32 бирдиктен турган санаториялык-курорттук объектилер тармагын өнүктүрүү долбоорун сунуштады. Ошондой эле «Ак-Кеме» мейманканасын калыбына келтирүү, өлкө аймактарында глемпинг түйүндөрүн өнүктүрүү, Бишкек шаарына жакын жерде кароо аянтчасын түзүү боюнча долбоорду ишке ашыруу пландары тууралуу маалымат берилди.

