10:26
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

Бир жылда президенттик администрацияга 19 миң жаран кайрылган

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча президенттик бүадминистрацияга жарандардан 19 миң 844 кайрылуу келип түшкөн.

Көбүнчө Бишкек шаарынын тургундары кайрылып, 4 миң 742 кат түшкөн.

КМШ мамлекеттеринде жана алыскы чет өлкөлөрдө жашаган жарандардан 101 арыз жөнөтүлгөн.

Президенттик администрациянын билдирүүсүндө, кайрылуунын 27,8 пайызы сот жана укук коргоо органдарынын ишине карата даттануулар.

12,5 пайызы турак жай жана аны куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси боюнча, 9 пайызы жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү башка маселелерга, 10 пайызы социалдык кызматтардын ишине, эмгек акынын, пенсия жана жөлөкпулдардын аздыгына, жеңилдиктерди жана материалдык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле дарыланууга жана кымбат баалуу операцияларга каржылык колдоо көрсөтүүгө тийиштүү даттанышкан.

Андан сырткары, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданиятка, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо, жарандык берүү жана ырайым кылууга, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуникация тармагына, кредиттер боюнча карыздарды төлөө жана анын мөөнөтүн узартуу, кредиттерди жана ссудаларды берүүгө байланышкан маселелер менен дагы каттар жөнөтүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар