19:28
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Чүйдө Капиталдык курулуш башкармалыгы 30 миллион сомду мыйзамсыз чыгарып кеткен

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Чүй облусу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Турак жай-курулуш департаментинин кызмат адамдары тарабынан документтерди кызматтык жасалмалоо жана жасалма подряд түзүү жолу менен, өзгөчө ири өлчөмдө (30 миллион сомдон ашык) бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы боюнча маалыматтар такатлып алынган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын декабрь айында тендердик сметага кирбеген кошумча жумуштарга тиешелүү тендер өткөрбөстөн, жасалма кошумча келишимдерди түзүү менен подрядчы «С.Т.» ЖЧКсынын пайдасына 30 миллион сомдон ашык суммадагы каражат республикалык бюджеттен мыйзамсыз чыгарылып, иш жүзүндө бул кошумча иштер алар тарабынан аткарылган эмес.

Топтолгон материалдардын негизинде сотко чейинки териштирүү иштеринин алкагында подряддык компаниянын директору К.А.Д. КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын жана ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын аныктоого байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар