USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Депутат Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун иштерин эске салды

11:19, 30 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Мурдагы президенттин иниси менен анын досунун иштери унутулдубу? Депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн парламенттин отурумунда Президенттин Жогорку Кенештеги өкүлүнө ушундай суроо салды.

 “Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков жана анын чөнтөктөш, табакташ досу Төрөбай Зулпукаров экөөнө иш козголуп, эки ай түрмөдө отуруп чыгышты. Ушул убакка чейин эч кандай жыйынтык жок. Же булар камалабы же жеген акчасын бюджетке төгөбү? Ушул маселелерди элге айтып койбойлубу! Кар жаады, из басылды болуп, биздин чоңдор менен куда сөөк болгондон кийин унутулуп калабы?” ,  -  деди эл өкүлү.

 Эскерте кетсек, былтыр май айында мурдагы спикер Асылбек Жээнбеков менен экс-депутат Төрөбай Зулпукаров Кумтөр иши боюнча суракка чакырылып, камакка алынган.  Зулпукаровго мыйзамсыз баюу беренеси боюнча дагы кылмыш иши козголгон. Бирок, алтынчы чакырылыштагы парламенттин депутаттары акыркы жыйындарынын биринде башкы прокурор Курманкул Зулушевдин Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү өтүнүчүн четке каккан. Мындан улам, мурдагы эки депутат былтыр декабрь айында камактан бошотулган.

 Асылбек Жээнбеков менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кудалар экени белгилүү. Жапаровдун уулу мурдагы президенттин инисинин кызын алган. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18