19:35
USD 86.40
EUR 93.13
RUB 1.03

Кемпир-Абад маселеси. Депутат Медер Алиев комитет төрагалыгынан кетти

Депутат Медер Алиев парламенттеги конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төралыгынан кетти. Буга байланыштуу арызды ал Жогорку Кеңештин Төрагасына жолдогон. 

“Ишеним” фракциясынын мүчөсү Медер Алиев кызматтан кетип жатканынын себебин кыскача түшүндүрүп берди. Анын айтымында, мындай чечим кабыл алууга Кемпир-Абад маселеси түрткү болгон.

“Ар бир нерсенин өзүнүн себеби, учуру болот. Бул чечимди өзүм кабыл алдым, эч ким мажбурлаган жок. Кыска айтсам, Кемпир-Абад маселеси себеп болду. Комитетти бир жыл жетектедим. Таза иштедим, корруцпиядан алыс болдум.  Бир дагы тууганымды кызматка койгон жокмун”,  - деди Медер Алиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин айтымында, Медер Алиевдин чечими күтүүсүз болду. Анын иш ордунда калуусун дагы суранганын кошумчалады.  

Эң көп окулган жаңылыктар